Ирандын борбор калаасы Тегеранда бүгүн, 28 июнда, Мухаррам айынын экинчи күнүндө Израилдин агрессиясында шейит болгон адамдар: аскер командирлери, окумуштуулардан тартып аялдарга жана балдарга чейин – элдин кеңири катышуусунда акыркы сапарга узатылууда.
Mehr агенттиги маалымдагандай, коштошуу иш-чарасына колуна маркумдардын сүрөтүн жана Ирандын желегин көтөргөн адамдар жык чогулду.
Шейит кеткендер менен коштошуу зыйнаты эртең менен саат 8:00дө Тегеран университетинин башкы дарбазасынын алдынан башталды. Бул жерге жаш-кары, аял-эркек дебей шейиттердин сөөгүн көтөрүп, жүрөктөрү кайгыга толгон эл агылып келди.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты “Энгелоб” аянтынан “Азади” аянтына чейин өтөт.
Шейиттердин сөөгү Тегерандагы ыйык жайларга, анын ичинде Бехешт-и Зехра көрүстөнүнө жана башка аймактарга коюлат.
Эске салсак, Израиль менен Ирандын ортосундагы кандуу кагылыш 13-июнь түнү башталган. Анда Израиль Иранга каршы чабуул коюп, Иран буга жооп берген. Израиль Ирандын өзөктүк, аскердик жана жарандык объекттерине аба соккуларын жасап, анын кесепетинен 600дөн ашуун адам, алардын ичинде жогорку аскер жетекчилери, өзөктүк илимпоздор жана жай тургундар каза болушкан.
Агрессиянын натыйжасында шейит болгондордун арасында:
Ирандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Мохаммад Хоссейн Багери, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) башчысы, генерал-майор Хоссейн Салами, “Хатам аль-Анбия” борбордук штабынын башчысы, генерал-майор Голам Али Рашид, Сакчылар корпусунун аскер-аба күчтөрүнүн командачысы, генерал-майор Амир Али Хаджизаде жана бир нече ирандык өзөктүк илимпоздор бар.





















