Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Тегеранда Иран президенти Раиси менен коштошууга 15 миллионго жакын адам келди

  • Батыш Азия, Башкы жаңылыктар, Дүйнө
  • 23.05.2024 16:40

Loading

22-майда Ирандын борбору Тегеранда авиакырсыктан каза тапкан президент Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка делегация мүчөлөрү менен  коштошуу зыйнатына 15 миллионго жакын адам чогулду.

Тегерандын калкы дээрлик 13 миллион адамды түзөт. Маркумдарды акыркы сапарга узатууга борбор калаага башка жакынкы шаарлардан да жарандар келишкен.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/05/bandicam-2024-05-22-09-47-32-557.mp4

Аза күтүү иш-чаралары өлкө боюнча бардык шаарларда өткөрүлүп жатат.

Тема боюнча

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026

Маркумдардын сөөгү алгач Тебриз жана Кум шаарларына алып барылды. Ал жерлердеги тажияга жүз миңдеген адамдар чогулду.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/05/rec-0080.mp4

Бүгүн Раисинин сөөгү Биржанд шаарына жеткирилди. Ал жерден да он миңдеген адамдар тосуп алды.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/05/14030118-64114-1.m4v

Андан соң Раисинин сөөгү өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарына алынып келинде. Маркумдун сөөгү расмий иш-чаралардан кийин жерге берилет. Ушул эле күнү Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиандын сөөгү Тегеран провинциясынын Рей шаарында коюлат.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/05/85689.mp4

Буга чейин Батыш маалымат каражаттары Раисини Иран элинин «канкору» жана «касапчысы» деп, аны көптөгөн адамдар жактырбай турганын жазып чыгышкан. Бирок Раисини акыркы сапарга узатуу зыйнатына миллиондогон адамдардын катышышы мындай ырастоолорду четке какты.

Дүйнө жүзү дагы бир жолу Иран элинин биримдигин жана алар өздөрү тандап алган президентине болгон сый-урматына күбө болду.

Маркум президентти жана аны менен бирге каза болгондордун элесине таазим кылып, акыркы сапарга узатууга 68 чет өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү анын ичинде мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары келишкенин баса белгилей кетүү керек.

Ага Кыргызстандан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/05/rec-0164.mp4

Тегеранга ошондой эле Тунистин президенти Кайс Саид, Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри Сириянын президенти Башар Асад, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе, тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили, Армениянын премьер-министрлери Никол Пашинян, Азербайжандын өкмөт башчысы Али Асадов, Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин, ошондой эле ХАМАСтын лидери Исмаил Хания, Катардын эмири Тамим ибн Хамад ибн Халифа Аль Тани жана премьер-министри Мухаммед бин Абдулрахман бин Жасим Аль Тани, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа аль-Судани, Пакистандын премьер-министри Мохаммад Шахбаз Шариф, Түркмөн элинин Улуттук лидери, Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Ирактын, Алжирдин, Өзбекстандын, Казакстандын, Ливандын, Мали жана Эфиопиянын парламенттеринин төрагалары, Түркиянын жана Индиянын президенттеринин орун басарлары келишти.

Ирандын 64 жаштагы президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку кызматтагы адамдар 19-майда Азербайжан менен чек арадан кайтып келатканда тик учак кырсыгында каза болушкан. Алардын сөөктөрү эртеси күнү табылган. Раиси жана Абдоллахияндын тышкары, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши болгон. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

20.11.2026
АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026
Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Путин Душанбеде Рахмон менен жолугушту

Путин Душанбеде Рахмон менен жолугушту

20.11.2026
АКШнын дагы бир авианосеци Батыш Азия аймагынан чыгып кетти

АКШнын дагы бир авианосеци Батыш Азия аймагынан чыгып кетти

20.11.2026
Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

20.11.2026
Таланттан аракетке: “Социалдык лифттер” Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.