Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 30-июнда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин расмий сапар менен Кыргызстанга келди.
Сапардын алкагында Мухриддин Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Ошондой эле ал кыргыз кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, андан соң президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду.
Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат
Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин жолугушууда президент Садыр Жапаровдун быйыл Тажикстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык маселелерин талкуулашты.
КР ТИМден билдиришкендей, эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик кызматташуусунун саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык диалогдун артыкчылыктуу багыттарын камтыган маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды. Бул жаатта 2025-жылдын март айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.
Тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алмашып, БУУ, КМШ, ЖККУ жана башка көп тараптуу форматтардын алкагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.
Министрлер эки өкөнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин тарыхый маанисин дагы бир ирет баса белгилешти. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жыйынтыкталышы туруктуу тынчтыкты, жакшы коңшулук мамилелерди жана аймактык туруктуулукту камсыз кылууга негиз болору айтылды.
Сүйлөшүүлөрдүн учурунда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделген диалогду бекемдөөнүн зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын коңшулук жана өз ара урматтоо маанайында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө болгон өз ара умтулуусун ырасташты.
Тажикстан соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты арттырууга даяр
Сирожиддин Мухриддин менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында өтүп, анда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Садыр Жапаровдун Тажикстанга алдыда боло турган сапарын талкуулашты.
КР президентинин маалымат кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысы биргелешкен аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Тажикстан эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө туруктуу өнүгүү динамикасын берүүгө жетишкенин белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле үстүбүздөгү жылдын март айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө тарыхый келишимге кол коюлганын эске салып, эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгына көңүл бурду.
Ал эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы коңшулаштыкты бекемдөө жана достук байланыштарды өнүктүрүү жөнүндө сөз кылып жатып, маданий-гуманитардык тармакта биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Сирожиддин Мухриддин бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты арттырууга даярдык билдирди.
Бул контекстте ал өз ара сооданын көлөмү өсүп жатканын белгиледи. Тажикстандын ведомстволорунун алдына товар жүгүртүүнүн көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө багытталган жаңы чараларды иштеп чыгуу милдети коюлган.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин ошондой эле өлкөлөр көп тараптуу форматта: БУУ, КМШ, ШКУ, ЖККУ жана башка бирикмелердин алкагында да өз ара аракеттенүүнү бекемдеп жатканын баса белгиледи.























