Тажикстанда келерки жылы мамлекеттик уюмдар менен ишканалардын, күч түзүм кызматкерлеринин эмгек акысы жана студенттердин стипендиясы 40% жогорулатылат.
Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмон парламентке жолдогон кайрылуусунда билдирди.
Ага ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы 2024-жылдын 1-январынан, калган бюджеттик мекемелердин эмгек акысы 2024-жылдын 1-июлунан тарта көтөрүлөт.
1-июлдан тарта пенсиялар да 30 пайызга жогорулайт.
Рахмон 2024-жылдын 1-июлунан тарта Тажикстанда минималдык айлык акы 800 сомони (73,3 доллар) болорун белгиледи. Учурда ал 600 сомонини түзөт.
Тажикстанда айлык акынын көлөмү чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң төмөн. Эксперттер бул жагдайга мамлекеттик органдардагы коррупция себепкер экенин белгилешет.




















