Душанбе Ирандын Чабахар портунда тажик ишкерлеринин продукциясынын кампалары үчүн өзүнүн логистикалык борборун курууга ниеттенүүдө
Тажикстан Чабахар портуна логистикалык борбор куруу долбоорун иштеп чыгып, 2025-жылдын биринчи жарымынын аягына чейин иран тарапка сунуштайт.
Бул тууралуу Тажикстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Бул документ кабыл алынгандан кийин иран тарап аны бир айдын ичинде карап чыгып, мамлекеттик жеңилдиктерди эске алуу жана инвестициянын так көлөмүн аныктоо менен кызматташуу келишиминин долбоорун сунуштайт”, – деп белгиледи Транспорт министрлиги.
Деңизге түз чыга албаган жана өзүнүн экономикасын диверсификациялоону каалаган Тажикстан Ирандын Систан жана Белучестан провинциясында жайгашкан Чабахар портунда өзүнүн логистикалык борборунун жардамы менен жакында Инди океанына чыга алат.
Бул Кытай – Тажикстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия – Европа эл аралык мультимодалдык транспорт коридорунун алкагында болушу мүмкүн.
Министрилик белгилегендей, долбоор Азия-Тынч океан аймагынын өлкөлөрү жана бул океандын жээктери, Перс булуңунун мамлекеттери жана ал тургай Чыгыш Африка менен активдүү экономикалык байланыштарга оң таасирин тийгизет.
Эске салсак, 2023-жылдын ноябрында Ирандын мурдагы маркум президенти Ибрахим Раисинин Тажикстанга расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда Чабахар порту аркылуу эл аралык жүк ташуу жана транзит тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган.
Документке Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим жана Иран Ислам Республикасынын мурдагы маркум Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдуллахян кол коюшкан.
2025-жылдын январында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ирандын учурдагы президенти Масуд Пезешкяндын Душанбе шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Тажикстандын Транспорт министрлиги менен Ирандын Кеме жана деңиз уюмунун ортосунда Чабахар порту аркылуу жүк ташууну өнүктүрүү боюнча кызматташтык программасына кол коюлган.















