Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Тарыхый сапар: Эрдоган 12 жылдан бери биринчи жолу Египетке барды. Видео

  • Дүйнө, Саясат, ТОП жаңылыктар
  • 15.02.2024 13:25

Loading

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 12 жылдан бери биринчи жолу Египетке расмий сапары менен келди, аны Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси тосуп алды.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/02/g3c1pnskgvrfpmdf-online-video-cutter.com_.mp4

Эрдогандын Каирге сапары дүйнөлүк коомчулуктун зор кызыгуусун туудурду, анткени Израил бийликтери Палестинанын Египет менен чектеш Рафах шаарында аскердик операция баштоо ниетин билдирүүдө. Бирок Каир бардык араб өлкөлөрү сыяктуу эле гуманитардык катастрофа менен байланышкан тобокелдиктерден улам буга каршы болууда. Ал тургай, Каир израилдик аскерлер Рафах шаарына кирип келсе, Тель-Авив менен түзүлгөн тынчтык келишимин токтото турганын билдирди.

11-февралдан 12-февралга караган түнү Израиль Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулун баштады. Израилдин Коргонуу армиясынын авиасоккуларынан улам анклавда кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгон. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат. Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскерлерге Рафахтагы жай тургундарды эвакуациялоого даярдануу көрсөтмөсүн берип, ал жерде кургактан операция баштаганы жатат. Эл аралык коомчулук бул шаарда аскердик операция катастрофалык кесепеттерге алып келерин эскертүүдө.

Көптөн күткөн элдешүү: Анкара менен Каирдин мамилеси

Тема боюнча

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

20.11.2026

Анкара менен Каирдин мамилеси 2013-жылы Египеттин президенти Мохаммед Мурси бийликтен кулатылгандан кийин начарлап кеткен. Андан соң эки өлкө тең элчилерин чакыртып алышкан. 

2021-жылдын март айында Түркиянын ошол кездеги тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Египет менен дипломатиялык деңгээлде алака кайра жанданарын жарыялаган. 2022-жылдын ноябрында Катарда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземинде Египет менен Түркиянын президенттеринин кыска мөөнөттүү жолугушуусу болуп, андан кийин мамиледе олуттуу жылышуу байкалган.

Мамилелер 2023-жылдын февраль айында ас-Сиси Түркияга жер титирөөдөн кийин көңүл айтуусунан кийин жана Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри кырсык болгон аймакка баргандан баштап жакшыра баштаган. Ал жерден аны Түркиянын Тышкы иштер министри коштоп жүрүп, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусуна даярдык көрүлүп жатканын билдирген.

Өткөн жылдын 4-июлунда өлкөлөр 10 жылдык тыныгшуудан кийин дипломатиялык мамилелерди толук калыбына келтирип, Анкара менен Каирге элчилерин дайындашкан.

Тарыхый сапар

Бул сапарды тарыхый деп атоого болот, анткени ал Каир менен Анкаранын ортосундагы мамилелердин нормалдашканынан кабар берет.

Сапардын алкагында Эрдоган египеттик кесиптеши ас-Сиси менен эки тараптуу жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда президенттер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аймактык маселелерди, биринчи кезекте Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууну талкуулашты.

Жыйындын соңунда лидерлер биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөштү. Анын алдында аль-Сиси менен Эрдоган бир катар биргелешкен келишимдерге, атап айтканда Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча декларацияга кол коюшту.

Египеттин президенти 2024-жылдын апрель айында жооп сапары менен Түркияга баруу ниетин билдирди.

Сапарда түрк лидерин тышкы иштер министри Хакан Фидан, казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Качир коштоп жүрдү.

Түркия Египет менен бирге Газаны калыбына келтирүүгө даяр

Израил менен Палестинанын ортосундагы жаңжал чечилгенден кийин Газаны кайра курууга Түркия менен Египет катышышы мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Каирде египеттик кесиптеши Абдел Фаттах ас-Сиси менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

«Газадагы кырдаал сүйлөшүүлөрүбүздүн алдыңкы сабында болду. Биз ок атышууну эртерээк токтотууну жана Газага гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин артыкчылыктуу деп эсептейбиз. Газадагы кан төгүүнү токтотуу үчүн египеттик боордошторубуз менен иштешүүнү улантабыз. Биз Египет менен бирге Газаны кайра курууга катышууга даярбыз”,- деди Эрдоган.

Түрк лидери БУУ башында турган эл аралык коомчулукту Палестина анклавынын тургундарын эл жашаган жерлерден кууп чыгуу саясатын жүргүзүп жаткан Израилге каршы активдүү аракеттерди көрүүгө чакырды.

“Мусулман дүйнөсү жана баарынан мурда БУУ мындай акылсыздыкка жол бербеши керек. Израилдин газалыктарды өз жерлеринен чыгаруу аракети мыйзамдуу күчкө ээ эмес жана кабыл алынгыс”, – деди ал.

Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси Эрдоган менен биргелешкен маалымат жыйынында Түркия менен Египет Палестинанын Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотууну жана анклавдын тургундарына гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүүнү жакташа турганын билдирди.

“Түрк президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотуунун жана анклавдын калкына керектүү гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыз кылуунун зарылдыгын ырастадык”, – деп билдирген Египеттин президентинин сөзүн “Аль-Кахира аль-Ихбария” келтирди.

Египеттин лидеринин айтымында, Каир Газанын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат, бирок “Израиль Палестинанын секторуна жардам унааларынын киришине чектөө коюуда”.

Мындан тышкары, басма сөз жыйынында ас-Сиси түрк тарап менен “Чыгыш Жер Ортолук деңизде туруктуулукту орнотуу жана бардык пикир келишпестиктерди чечүү” үмүтүн билдирди. Анын айтымында, ал жана анын түрк кесиптеши «Ливияда коопсуздук жана саясий стабилдүүлүккө жетишүүнү» жакташат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Абдель Фаттах ас-СисиЕгипетРежеп Тайип ЭрдогансапарТүркия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

20.11.2026
Президент Эрдоган Газадагы кырдаалга байланыштуу мусулман дүйнөсүн Израилге болгон басымды күчөтүүгө чакырды

Президент Эрдоган Газадагы кырдаалга байланыштуу мусулман дүйнөсүн Израилге болгон басымды күчөтүүгө чакырды

18.11.2026
Тегерандагы төрт тараптуу жолугушуу аймактык диалогго жол ачты

Тегерандагы төрт тараптуу жолугушуу аймактык диалогго жол ачты

28.10.2026
«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

27.10.2026
Түркия, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Иран аймактык коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашты

Түркия, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Иран аймактык коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашты

27.10.2026
Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

26.10.2026
Египет Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдатууда: туристтер эмнелерди билиши керек?

Египет Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдатууда: туристтер эмнелерди билиши керек?

24.10.2026
Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

15.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.