Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Талибан жаңы жетекчиликке баш ийген 39 элчиликтин ишин уюштурду

  • Борбор Азия
  • 20.09.2024 16:54

Loading

Талибан кыймылы өлкөнүн жаңы жетекчилигине баш ийген 39 элчиликтин ишин уюштурганын Ооганстандын талиптер түзгөн убактылуу өкмөтүндөгү тышкы иштер министри Амир Хан Моттаки билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

«Учурда Ооганстандын ар кайсы өлкөлөрдөгү 39 дипломатиялык өкүлчүлүгү Ооганстан Ислам Эмиратына (Талибан колдонгон мамлекеттин аты – ред.) баш ийет», – деди Моттаки Кабулда өткөн басма сөз жыйынында, ведомствонун жыл ичиндеги ишинин жыйынтыгы менен тааныштырып жатып.

Ал Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин “аракетинин аркасында” Казакстан менен Кыргызстандын бийликтери Талибан кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарганын баса белгиледи.

Тема боюнча

Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

29.10.2026

«Биздин дипломаттардын чет өлкөлөрдө  таанылышы биздин саясатыбыздын жана стратегияларыбыздын натыйжалуулугун көрсөтүп жатат», – деп кошумчалады ал.

Ислам Эмиратынын сайтындагы билдирүүдө, Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн дипломаттары бир жыл ичинде Иран, Казакстан, Катар, Кытай, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Россия, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстанда аккредитациядан өтүшкөнү айтылат.

Өз кезегинде Ооганстанга кеминде 14 өлкөнүн расмий делегациялары, анын ичинде Египет, Катар, БАЭ, Россия жана Түркиядан, ошондой эле Евробиримдиктин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишкен.

Өткөн жылы Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын жарандарына 97 556 чет элдик паспорт берип, 426 141 паспорттун жарактуу мөөнөтүн узарткан. Мындан тышкары, Ооганстанга 41 959 чет элдик виза алган.

Эске салсак, сентябрдын башында Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарганын КР Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий тастыктаган.

“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Ооганстанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат”, – деп жазылган Тышкы иштер министрлигинин 6-сентябрда тараткан билдирүүсүндө.

5-сентябрда Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына Кыргызстандын чечимине ыраазычылык айткан билдирүү жарыяланган.

Коңшу Казакстанда “Талибан” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен үстүбүздөгү жылдын июнь айында чыгарылган.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Талибанэлчилик
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

29.10.2026
БУУ Ооганстанда аялдарга жана ЖМКларга каршы репрессиялар күчөгөнүн билдирди

БУУ Ооганстанда аялдарга жана ЖМКларга каршы репрессиялар күчөгөнүн билдирди

16.10.2026
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстандан келип чыккан коркунучтар тууралуу дагы бир жолу эскертти

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстандан келип чыккан коркунучтар тууралуу дагы бир жолу эскертти

22.09.2026
«Талибан» нааразылык акцияларына тыюу салды: Ооганстанда жарандарды көзөмөлдөөнү күчөткөн мыйзам кабыл алынды

«Талибан» нааразылык акцияларына тыюу салды: Ооганстанда жарандарды көзөмөлдөөнү күчөткөн мыйзам кабыл алынды

25.08.2026
Беш жылдан кийин: Борбор Азиянын Ооганстанга болгон мамилеси кандай өзгөрүүдө?

Беш жылдан кийин: Борбор Азиянын Ооганстанга болгон мамилеси кандай өзгөрүүдө?

21.08.2026
Кабулда 2021-жылдан бери биринчи жолу Ооганстан-Борбордук Азия диалогу өттү

Кабулда 2021-жылдан бери биринчи жолу Ооганстан-Борбордук Азия диалогу өттү

06.04.2026
Кыргызстан Ирандагы элчилигинин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту

Кыргызстан Ирандагы элчилигинин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту

31.03.2026
Пакистандын Ооганстанга жасаган чабуулунан каза болгондордун саны 400гө жетти. Видео

Пакистандын Ооганстанга жасаган чабуулунан каза болгондордун саны 400гө жетти. Видео

17.03.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып алды

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып алды

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.