Түркстан облусунун Отырар районунда Сыр-Дарыя өзөнүнө барган 11 адам чөгүп кетти.
Куткаруучулардын айтымында, анын ичинде беш бала бар. Сегиз адамдын сөөгү суудан чыгарылып, үчөөнү издөө иштери уланууда.
Маалыматка караганда, окуя 21-августта атайын белгиленбеген жерде сууга түшүү учурунда болгон.
Сыр-Дарыянын жээгинде төрт үй-бүлө, жалпысынан 20 адам эс алып жүргөн. Алар тууган болгон.
ӨКМ билдиргендей, сегизинчи адамдын сөөгү түнкү саат 11де табылган. Куткаруучулар ыкчам штаб түзүлүп, ишеним телефону иштеп жатканын билдиришти.
Июль айынын башында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү мезгили башталгандан бери 59 адам, анын ичинде 19 жаш бала чөгүп өлгөнүн кабарлаган. Куткаруучулар белгиленбеген жерде сууга түшүү кырсыктын негизги себептеринин бири экенин белгилешет.