Түркиянын 14 провинциясында өткөрүлгөн операциялардын жүрүшүндө 21 шектүү кармалды, алардын 16сы учурдагы коопсуздук кызматкерлеринен турат.
TRT Haber маалымдагандай, Стамбулдун Башкы прокуратурасы жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында FETÖ/PDYнин полиция башкармалыгындагы жашыруун түзүмүндө иш алып барган 21 шектүү аныкталган.
Полиция бөлүктөрү бир убакта Стамбул, Анкара, Айдын, Анталья, Балыкесир, Батман, Эрзинжан, Газиантеп, Измир, Кахраманмараш, Мардин, Мугла, Самсун жана Сивас шаарларында операция жүргүзүшкөн.
Операциянын алкагында учурда иштеп жаткан 13 полиция кызматкери, иштен алынган 6 кызматкер жана 2 жашыруун полиция кызматкери кармалган.



















