Түркиянын түштүк жана борбордук аймактарын аномалдуу ысык жана катуу шамалдан улам чыккан токой өрттөрү каптады.
Тилсиз жоо миңдеген гектар токойлорду жок кылып, кооптуу аймактардан адамдар эвакуацияланууда. Синоптиктер аба ырайынын кескин өзгөрүшү 2-августка чейин сакталаарын эскертишүүдө.
Бул тууралуу Yamal-Media агенттиги жазды.
Өткөн аптада башталган Түркиядагы өрттүн толкуну дагы күч алды.
“Ишемби күнү абал курчуп, эң күчтүү толкун Бурса провинциясында катталган. Жергиликтүү тургундар өрттөн качуу үчүн трассаны бойлой качып кетишкен. Жалпысынан миңдеген адамдар – 53 конуштун тургундары кооптуу аймактардан алдын ала эвакуацияланган”,- деп айтылат маалыматта.
Өрт Анталия, Мугла, Мерсин жана Хатайга да таасирин тийгизген.
“Новые известия” басылмасынын маалыматына караганда, 200дөн ашык үй жана 60 миң гектар токой күйүп кетти.
Ошондой эле тилсиз жоо орус-түрк “Аккую” атомдук электр станциясына жакындап калганын Mash Telegram каналы билдирди.
“Россиялык авиация өрттөрдү өчүрө баштады. 26-июль таңынан бери бул жерде Бе-200 учактары жана Ми-8 тик учактары иштеп жатат”,- деп жазат Mash Telegram.
Каналдын маалыматы боюнча, жалпысынан аймакта станциянын курулушуна 10 миңден ашуун россиялыктар катышууда.
Тилсиз жоонун кесепети Түркиянын бир катар аймактарында, анын ичинде Бурса, Болу, Карабүк, ошондой эле популярдуу Анталия жана Мерсин курортторунда катталып жатканын Go Travel туристтик агенттигинин жетекчиси Наталья Ансталь Yamal-Media менен болгон маегинде ырастады.
Анын айтымына караганда, өрттүн масштабы өлкө боюнча катастрофалык болбосо да, өрттүн тез жайылып кетишине шарт түзгөн катуу шамалдан улам кырдаал курч бойдон калууда.
27-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган токой өртүнө каршы күрөштүн кандай жүрүп жатканы боюнча маалымат берген.
Президенттин билдиргенине караганда, 27 учак, 105 тик учак, 6 миңге жакын жердеги техника, 25 миң токойчу жана 132 миң ыктыярчы 24 сааттык даярдык менен иш алып барып жатат.
Ага карабай Якуплар районунда 27-июль күнү түштөн кийин өрт уланган.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек. Эртең менен өрт жарым-жартылай көзөмөлгө алынган, бирок катуу шамалдан улам жалын жаңы күч менен тутанган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн тынымсыз аракетине карабастан, өрт жайылып, айлананы коюу түтүн каптаган. Жакынкы айылдардын тургундары эвакуацияланууда.
Буга чейинки маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 13 кишиге жеткен.
Метеорологдор Түркияда 2-августка чейин ысык жана кургак аба ырайы сакталарын айтышууда.





















