Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шараа менен Катардын борбору Дохада Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) менен Араб Лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинин алкагында жолугушту.
Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.
“Түркиянын мамлекет башчысы Сириянын биримдигин сактоо үчүн Сириянын демократиялык күчтөрүнүн 10-марттагы келишимин аткаруусу маанилүү экендигине токтолду ”,- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, эки тараптуу жолугушууда Түркия менен Сириянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге аймактык маселелер да талкууланган.
Ошондой эле президент Эрдоган Шаранын БУУнун Башкы ассамблеясына катышуусунун тарыхый мааниге ээ экенин айтып, Түркия Сирияга колдоо көрсөтүүнү улантарын жана өлкөнүн биримдигин жана ынтымагын сактоо үчүн Сириянын демократиялык күчтөрүнүн келишимине баш ийүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, үстүздөгү жылдын март айында Сирия өкмөтү Сириянын демократиялык күчтөрү деп аталгандарды мамлекеттик институттарга интеграциялоо боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.



















