1659 Категория: Спорт - Published: 26/04 - 11:24

БИШКЕК, 26-апрель. — Eurasia Today. Ош шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан 155ке жакын спортчу катышууда. Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат, ошондой эле эл аралык мелдештерге катышуу үчүн республиканын курама командасына кире алышат. Чемпионатты КР Оор атлетика федерациясы Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте уюштурулду»,- деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, турнирдин ачылыш аземине Кыргызстандын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Нурланбек Исмаилов, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, КР Оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти, өлкөнүн эмгек сиңирген спорт чеберлери Улан Молдодосов жана машыктыруучулар катышты.

Теги: