1751 Категория: Спорт - Published: 23/04 - 10:20

БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Кечээ, 22-апрелде Азия чемпионатына барган грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама Монголиядан Кыргызстанга кайтып келишти.

«Манас» эл аралык аэропортунда Азия чемпионатынын байге ээлерин, катышуучуларын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Нурланбек Исмаилов, Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов, биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары тосуп алышты.

Балбандардын Азия чемпонаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-апрель күнү башталган. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда 3 алтын, 3 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Тынарбек Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын жана Адилхан Нурланбек уулу, Үзүр Жусупбеков, Ким Роман коло медал алышты.

Спортчулар улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Нурланбек Исмаилов  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигинин атынан куттуктап, Азия чемпонаты быйылкы жылдын эсебинен ийгиликтүү старт болгонун белгилеп, кийинки мелдештерге ийгилик каалады.

Азия чемпионаты 25-апрель күнү жыйынтыкталат. Кечээ, кыз-келиндер күрөшүнүн финалдык беттештери өттү. Бүгүн, 23-апрелде эркин күрөш боюнча беттештер башталат.

Теги: