784 Категория: Спорт - Published: 20/11 - 12:36

БИШКЕК, 20-ноябрь. — Eurasia Today. Ош шаарында спорт чеберлери ага-инилер Ахмет жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча IX Эл аралык турнир өтүп жатат.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын ачылышына вице-мэр Жасур Азимов катышты.

Эки күндүк мелдешке Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын булуң бурчунан 300 спортчу 14 салмактык категорияда күч сынашууда. 

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.

Ош шаарында жыл сайын өтүүчү ири спорттук иш-чаралардын бири болуп калган турнир кечээ, 19-ноябрда башталган.

Теги: