781 Категория: Спорт - Published: 15/11 - 12:10

БИШКЕК, 15-ноябрь. — Eurasia Today. Кыргызстандык атактуу балбан кыз, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, эки жолку дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШлык спортчу кыздарга мастер-класс өттү.

Бул тууралуу маалыматты ал өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Айсулуу Тыныбекова 13-ноябрда АКШнын Пенсильвания штатынын Манхейм шаарында АКШнын үч жолку чемпиону, эки ирет дүйнө чемпионатынын коло байгесин уткан Салли Робертс тарабынан негизделген “Wrestle Like a Girl” уюмунда америкалык спортчу кыздарга күрөш өнөрүнүн ыкмаларын үйрөттү.

Балбан кыз өзү да кечээ, 14-ноябрда Instagram социалдык тармактагы жеке баракчасына мастер-класс боюнча пост жазып, аябай толкунданганын билдирди.

"Кечээ АКШда күрөш боюнча спортчулардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү менен алектенген Wrestle like a girl уюмунда алгачкы ирет мастер-класс өттүм. Чынын айтсам аябай толкундандым. Бирок, кыздар мени жылуу маанайда, колдоо менен кабыл алышты. Алардын бийик максаттарга жетишине тилектештигимди билдирем", - деп жазды Тыныбекова.

Белгилей кетсек, балбан кыз буга чейин алдыда дагы ийгиликтерди багындыруу үчүн АКШда машыгуусун улантып жатканын билдирген.

Теги: