• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
827 Категория: Спорт - Published: 05/11 - 09:59

БИШКЕК, 5-ноябрь. — Eurasia Today.  Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал багындырды.

Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышты. Башында Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөшүп, алгач эле бутуна кирип эки упай топтой алды. Көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.

Чейрек финалда дагы кыргызстандык спортчу индиялык Бипаша аттуу спортчунун далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишке ээ болду. Ал эми жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык Кайли Рени Велкерди 8:0 эсебинде утуп алды.

Финалда Айпери колумбиялык Татьяна Рентерийди 3:1 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө. Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы коло медаль багындырган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
0.00
EUR
96.00
-0.12
KZT
0.20
+0.21
RUB
1.10
-0.88
TJS
7.50
-0.02
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-15°C Москва
-11°C Нур-Султан
+5°C Бишкек
+2°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+7°C Ташкент

Соцсети