1137 Категория: Спорт - Published: 27/10 - 11:54

БИШКЕК, 27-октябрь. — Eurasia Today. Орусиялык балбан, эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбековага суктанып, өзүнүн Instagram баракчасына билдирүү калтырды.

"Кыргызстандын сыймыгы! Кыргызстандын күрөш тарыхындагы алгачкы дүйнө чемпиону. Олимпиада оюндарынын байге ээси. Темир айым!" - деп Айсулуу менен түшкөн сүрөтүнүн астына жазган.

Айсулуу анын бул постуна жооп кайтарып, "Сиз ар дайым биз үчүн үлгү болосуз"?- деп билдирүү калтырган.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от Roman Vlasov (@vlasovroma90)

Белгилей кетсек, Ослодо өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Власов менен Тыныбекова алтын медалга ээ болушкан.

Теги: