733 Категория: Спорт - Published: 21/10 - 09:44

БИШКЕК, 21-октябрь. — Eurasia Today. Грециянын Лоутраки шаарында  өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык спортчу Чынарбек Изабеков биринчи орунду алды.

Бул тууралуу КР Күрөш боюнча федерациясы Instagram баракчасында жарыялады.

Ал ирандык жана америкалык спортчуларды жеңип, финалга чыккан. Финалда польшалык атаандашын 5:0 эсебинде жеңип, 100 килограммга чейинки салмакта үчүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды.

Чынарбек Изабеков буга чейин, ардагерлер арасында эки жолу дүйнө чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, ал Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, 2021-жылдагы дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу.

Теги: