• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
180 Категория: Спорт - Published: 17/04 - 10:20

Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Алматы шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын  медалды утту.

Тыныбекова 16-апрелде 62 килограммга чейинки салмак категориясындагы турнирде чыккан. Тайпалык этапта Тыныбекова Индия, Казакстан, Корея спортчуларын жеңип, жарым финалга чыгып, финалга чыгуу үчүн болгон беттеште өзбекстандык спортчу менен кез келип, аны жеңген. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) билдиргенин "Eurasia Today" агенттиги маалымдайт.

Финалдык беттеште балбан кыз Монголиянын спортчусу менен беттешип, 11: 0 эсебинде жеңишке жетип, чоңдор арасындагы Азия чемпиондугундагы төртүнчү жолу чемпион болду.

Эскерте кетсек, Тыныбекова учурдагы дүйнө чемпиону.

Буга чейин Алматыда өткөн Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова дагы 68 кг. салмак категориясында алтын медалга ээ болгон.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.71
-0.07
EUR
103.10
+0.62
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.15
+0.49
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+19°C Москва
+14°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+18°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+28°C Ашхабад
+21°C Ташкент

Соцсети