БИШКЕК, 13-март. — Eurasia Today. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу өткөрүлгөн спорттун төрт түрү: таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча I Азия-Тынч океан сурдочемпионаты жыйынтыкталды.
Спорттук иш-чаралар 1-марттан 12-мартка чейин Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп өттү.
Мелдеш угуусу жана сүйлөө жөндөмү начар ар кандай курактагы спортчулар арасында өткөрүлүп, ага дүйнөнүн сегиз өлкөсү: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, Иран, Ирак, Түштүк Корея жана Монголиядан 300гө жакын сурдоспортчу катышты.
Ага Кыргызстандын атынан 33 спортчу анын ичинде сурдлимпиада жана дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Азамат Мавлонов (күмүш медалдын ээси), Каналбек уулу Илгиз (эки жолку коло медал) жана Алмаз Исаков (күмүш медаль) катышты.
Чемпионаттын жыйынтыгында биринчи орунду жалпы 47 медаль (16 алтын, 15 күмүш жана 16 коло медаль) алган Казакстандын командасы алды. Экинчи командалык орунду 33 медалга (11 алтын, 10 күмүш, 12 коло) ээ болгон Ирандын командасы ээледи, Кыргызстан медалдык эсепте үчүнчү орунду алды.
Кыргызстандык спортчулар спорттун бардык түрлөрү боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, грек-рим жана эркин күрөш боюнча жети алтын медалга ээ болушту. Таэквондо боюнча Кыргызстандын командасы күмүш жана коло, ал эми дзюдодо үч күмүш жана эки коло медаль багындырышты.
Грек-рим күрөшү
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи орунду камсыз кылды.
Мелдешке беш мамлекеттин: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Монголиянын курама командалары катышты.
Командалык эсептин жыйынтыгы боюнча:
1-орун Кыргызстан (7 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль);
2-орун Казакстан (6 алтын, 6 күмүш, 5 коло медаль);
3-орун Иран (2 алтын, 6 күмүш, 5 коло медаль).
Эркин күрөш
Сурдо эркин күрөш боюнча биринчи орунду Казакстан, экинчи орунду Иран жана үчүнчү орунду Кыргызстан алды.
Мелдешке беш мамлекеттин (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Монголия) курама командалары катышты.
Командалык эсептин жыйынтыгы:
1-орун Казакстан (5 алтын, 5 күмүш);
2-орун Иран (2 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль);
3-орун Кыргызстан (2 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль).
Дзюдо
Азия-Тынч Океан сурдочемпионатынын дзюдо боюнча мелдеши 6-март күнү жыйынтыкталды. Анда кыз-келиндер (52, 63, +66 кг) жана эркектер (66, 73, 81, 90, 100 кг) арасында күч сынашты.
Командалык эсеп:
1-орун Казакстан (4 алтын, 1 күмүш, 6 коло медаль);
2-орун Корея (3 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль);
3-орун Иран ( 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль).
Таэквондо
Таэквондо боюнча мелдеште кыз-келиндер 46, 47, 49, 53, 57 кг салмак категорияларында беттешсе, эркектер 54, 74 жана 87 кг салмак категорияларында күч сынашты.
Командалык эсепте биринчи орунду Иран ( 6 алтын, 1 коло) алса, экинчи орунду Өзбекстан (3 алтын, 2 күмүш, 3 коло), үчүнчү орунду Түштүк Корея (3 алтын, 3 коло) ээледи.
Валюта курсу
Аба ырайы