БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today. Ташкентте өтүп жаткан 20 жашка чейинкилердин арасындагы Азия Кубогунун үчүнчү беттешинде кыргыз футболчулары Кытай курама командасы менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыкты. Бирок, Ак шумкарларыбыз чейрек финалда ойноого жолдомо ала албай калышты.
"Анткен менен күчтүү атаандаштар менен беттешип, чоң тажрыйбага ээ болду. Мындан кийин оюн талаасына дагы да күчтүү болуп кайтып келебиз",-деп убада беришти.
Буга чейин U-20 Азия Кубогунун алгачкы беттешинде "Ак шумкарлар" Сауд Арабиясынын курама командасы менен кез келип, 0:1 эсебинде минималдуу жеңилүү ызасын тарткан болчу.
Кыргызстандын футбол союзу Сауд Аравиясынын улуттук курамасы менен "Ак шумкарлар" биринчи жолу беттешээрин жана алар менен ойноо бир топ кыйынчылыкты туудураарын белгилеген. Анткени алар Азия Кубогунун учурдагы чемпиондору экенин эскертип, физикалык жактан да абдан күчтүү командага туш келгенибизди айткан.
Андан кийинки беттеште Япония курама командасына 0:3 эсебинде алардан да жеңилип калган. Улуттук командалардан Япониянын футболчулары менен ойноо бир топ оор болоору белгиленген.
Ошентип Азия Кубогундагы D тайпасында Япония менен Кытай мамлекеттеринин курамалары чейрек финалга жолдомо алышты.
Белгилей кетсек, учурда Азиянын эң мыкты делген 16 командасы төрт командадан турган төрт топко бөлүнүп, Азиянын 20 жашка чейинкилердин чемпиондорун тандоо жүрүп жатат. Мурда 19 жашка чейинки жаштар чемпионаты деп аталган АФКнын бул турнири 2 жылда бир өткөрүлөт.
Ал эми Кыргызстандын негизги Улуттук курама командасы быйыл Катарда өтө турган Азия кубогуна даярдык көрүүнүн алкагында март айында талаа окуу-машыгууларын өткөрөт.
Негизги улуттук курама командалардын Азия кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин өтөт. Буга чейин турнир Кытайда өтүшү керек болчу, бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алар бул иш-чараны өткөрүүдөн баш тарткан.
Валюта курсу
Аба ырайы