БИШКЕК, 9-март. — Eurasia Today. “Алай” футболдук клубу "Абдыш-Атанын" футболчуларын жеңип, 2023-жылдагы футбол боюнча Кыргызстандын суперкубогун багыдырды.
Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өткөн беттештин биринчи бөлүгүндө атаандаш командалар гол киргизе алышкан жок. Бирок экинчи бөлүктүн акыркы декадасында, тактап айтканда, 81-мүнөттө Рыскелди Артыкбаев гол киргизип, "Алай" командасын алдыга алып чыкты. Эсеп 1:0.
Ал бул командага жаңы эле келген. Артыкбаевдин бул голу команда үчүн алгачкы болуп, аны кошо суперкубокко да жеткирди.
Оюндун калган бөлүгүндө "Абдыш-Атанын" чабуулчулары артыкчылык кылган менен гол жарата алышкан жок. Ал эми "Алайдын" оюнчулары да голго жакын барышпады. Кошумча берилген 5 минута соңуна чыгып, калыс Мирланбек Осмоновдун финалдык ышкырыгы жаңырды. Ошентип жеңүүчү аныкталды.
Кошумчалай кетсек, суперкубок үчүн беттеш салтка айлангандай жаңы футбол сезонунун башталышында өткөрүлөт. Ал эми мурдагы сезондо өлкөнүн чемпиондугун жана кубогун жеңип алган командалар беттешет.
2022-жылдагы Кыргызстандын чемпиону жана кубоктун ээси “Абдыш-Ата" футбол командасы болгон. Буга байланыштуу суперкубок үчүн беттеште Абдыш-Атанын атаандашы 2022-жылдагы өлкө чемпионатында 2-орунду ээлеген Оштун “Алай” командасы болду.
Валюта курсу
Аба ырайы