БИШКЕК, 25-январь. — Eurasia Today. Кыргыз футболдук союзунун (KFU) өкүлдөрү менен Италиянын футбол федерациясынын (FIGC) жетекчилигинин жолугушуусунда эки мамлекеттин футбол уюмдарынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Бул тууралуу KFUнун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков баштаган кыргызстандык делегация Италиянын футбол федерациясынын президенти Габриэле Гравина менен жолугушту.
«Биз футбол сыяктуу маанилүү чөйрөдө билимибизди бөлүшүүгө кубанычта болобуз жана кызматташууга даярбыз»,-деди Гравина.
Жолугушууда ошондой эле Италиянын футбол федерациясынын иши жана уюштуруу түзүмү менен таанышып, футбол менеджменти жаатында тажрыйба алмашуунун алкагында кызматташуу маселелери кеңири талкууланды. Соңунда тараптар бири-бирине өз уюмдарынын сувенирлерин жана вымпелдерин беришти.
Белгилей кетсек, Меморандумга кол коюу Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаевдин демилгесинин аркасында болду.
Иш сапардын алкагында «FIGC Centro Tecnico Federale di Coverciano» машыгуу базасына барып, жолдоштук беттешке күбө болушту.
Италия футбол боюнча дүйнөдөгү эң белгилүү мамлекеттердин бири. Анын "Серия А" профессионалдуу футбол лигасы, италиянын футбол лигасынын эң жогорку дивизиону болуп эсептелет. Ошондой эле 2022-жылга карата, Англия жана Испания чемпионаттарынан кийин УЕФА коэффициенттер жадыбалында үчүнчү орунда турган дүйнөдөгү эң күчтүү футболдук дивизиондордун бири.
2020-жылы "Серия А" дүйнөдөгү эң күчтүү футбол лигасы катары таанылган. Бул турнир 1898-жылы негизделип, кийин мелдеш аймактык принцип боюнча атайын топторго бөлүнүп кеткен. Бирок 1929-жылдан тарта "А сериясы" өз форматын өзгөрткөн, ошондон бери катышуучу командалар айланма система менен ойноп келишет. Турнирдин акыркы жеңүүчүсү "Милан" командасы болду.
Валюта курсу
Аба ырайы