• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1197 Категория: Спорт - Published: 20/01 - 15:00

БИШКЕК, 20-январь. — Eurasia Today. Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматовду Калифорния штатынын Лос-Анджелес шаарында 2022-жылдын 7-декабрынан 11-декабрына чейин өткөн Джиу-джитсу IBJJF боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы менен куттуктады.

Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дүйнө чемпиондугуна дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 5 миңден ашуун мыкты спортчулар катышкан.

Алмаматов экинчи жолу Джиу-джитсу IBJJF боюнча дүйнө чемпионатынын алтын медалын алууга жетишти.

Башкы консул Б.Борбиев дүйнө чемпионун тарыхый сыйлык менен куттуктап, Билимбек чыныгы спорттук мүнөздү көрсөтүп, кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин бүткүл дүйнөгө далилдегенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Б.Алмаматов дүйнөнүн эки жолку чемпиону, ошондой эле спорттун бул түрү боюнча көптөгөн түрдүү мелдештердин жеңүүчүсү болууга жетишкен.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети