БИШКЕК, 31-декабрь. — Eurasia Today. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны деп тандады.
Бул тууралуу федерациянын сайтында айтылат.
Шаршенбеков 2022-жылы 6 медаль жеңген: Дүйнө чемпионатында, Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында алтын медаль, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингддик Turlykhanov Cup, эл аралык “Dan Kolov - Nikola Petrov Tournament” мелдешинде коло байгеге ээ болгон.
Жыйынтыгында жалпы 55000 упай менен Бүткүл Дүйнөлүк күрөш уюмунун тизмесинде 60 кг салмак категориядагылар арасында 1-орунга чыккан.
Кошумчай кетсек, Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов 2022-жылдын жыйынтыгы менен "Тарых жаратуучу" наамына татыган.
Валюта курсу
Аба ырайы