БИШКЕК, 28-декабрь. — Eurasia Today. Катар университети дүйнөлүк чемпионат учурунда Аргентина курама командасынын лидери Лионель Месси жашаган студенттик кампустун бөлмөлөрүнүн бирине музей курууну чечти.
Бул тууралуу RMC Sport кабарлады, деп билдирет Tengri Sport.
Аргентина курама командасы турнирдин 29 күнү университеттин кампусунда жашады. Ал эми Мессинин бөлмөсү кандай формада калса ошол бойдон сакталат.
В201 номерлүү бөлмөдө өзгөчө эч нерсе деле жок. Болгону эки керебет, стол, дөңгөлөктүү отургучтар, плазма сыналгысы жана сары жаздыктары бар боз диван — мына ушулардын баары жөнөкөй жасалга. Бирок, бөлмөнү адаттан тыш кылган нерсе - бул жерде Лионель Месси жашаган",-деп жазды аталган басылма.
Эшиктин сыртына Л.Месси деген жазуу жана Аргентинанын желеги түшүрүлгөн.
Белгилей кетсек, футбол боюнча Аргентина курама командасы тарыхта үчүнчү жолу (1978, 1986, 2022) Дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Катардагы турнирдин финалында аргентиналык футболчулар француздарды пенальтилер сериясында утуп алышкан.
Валюта курсу
Аба ырайы