• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1720 Категория: Спорт - Published: 26/12 - 10:57

БИШКЕК, 26-декабрь. — Eurasia Today. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбаны деп табылды.

Бул тууралуу UWW Asia маалымдады.

Жылдын жыйынтыгы менен Азия чөлкөмүндө грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча япон Таиси Нарикуни жана кыз-келиндер күрөшү боюнча казакстандык Жамиля Бакбергенова мыкты деп табылды.

Белгилей  кетсек, буга чейин UWW уюмунун версиясы боюнча Акжол Махмудов 2022-жылдын “Тарых жаратуучусу” болгон.

Акжол Махмудовдун грек-рим күрөшү боюнча чемпионаттарда алган байгелери:

- 2015-жылы Индияда өткөн кадеттер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болгон;

- 2016-жылы Тайбэйде өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль алган;

- 2016-жылы Грузияда өткөн кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта алтын утуп алган;

- 2016-жылы Москвада кадеттердин Борис Гуревич атындагы турниринде чемпион болгон;

- 2017-жылы Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон;

- 2017-жылы Финляндияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медал алган;

- 2017-жылы Стамбулда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон.

- 2018-жылы Азия чемпиону болгон.

- 2021-жылы Токио-2020 Олимпиадасында күмүш байгенин ээси;

- 2022-жылы Дүйнө чемпиону болду.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети