• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1761 Категория: Спорт - Published: 23/12 - 12:51

БИШКЕК, 23-декабрь. — Eurasia Today. Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду карьерасын Сауд Аравиянын "Аль-Наср" клубунда  улантууну чечти.

Футболчу аталган клуб менен узак мөөнөткө келишим түзгөнүн чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, 20-декабрда "Аль-Насрдын" өкүлдөрү менен Криштиану Роналдунун агентинин жолугушуусу болуп, келишим түзүлгөн жана жакынкы аралыкта расмий түрдө жарыялайт.

Роналду аталган клуб менен 2030-жылга чейин келишим түзгөн. Ал клубда оюнчу катары 2,5 жыл өткөрөт, ал эми калган мөөнөт Сауд Аравиянын, Египеттин жана Грециянын 2030 - жылы футбол боюнча Дүйнөлүк кубокту өткөрүү боюнча биргелешкен өтүнүчүнүн элчиси болот. Келишимге ылайык, футболчу сезондо дээрлик 200 миллион евро табат. Бирок дүйнө чемпиондугун өткөрүү өтүнүчү боюнча элчи болгондо маянасы дагы көбөйөт.

Футболчу "Аль-Насрга" келгенден кийин клуб үч оюнчунун кызматынан баш тартууга аргасыз болмокчу. Алардын ичинде аргентиналык жарым коргоочу Гонсало Мартинес менен өзбекстандык чабуулчу Жалолиддин Машарипов бар.

Эске салсак, Роналдунун мурдагы клубу "Манчестер Юнайтед" 37 жаштагы чабуулчу менен журналист Пирс Морган менен болгон талаштуу маегинен улам келишимди бузган. Маекте Роналду башкы машыктыруучу Эрик тен Хаг менен клубдун администрациясын сынга алган эле.

Белгилей кетсек, Португалия 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалында Мароккого 0:1 эсебинде утулуп калган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети