• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1736 Категория: Спорт - Published: 22/12 - 11:57

БИШКЕК, 22-декабрь. — Eurasia Today. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) 2022-жылдын “Тарых жаратуучу” наамына көрсөтүлдү.

Бул тууралуу UWW уюмунун сайты маалымдады.

Маалыматта “Тарых жаратуучу” наамына кыргызстандык эки спортчудан сырткары дагы эки спортчу көрсөтүлүп жатканы айтылат.

Алар 2022-жылы эркин күрөш боюнча 57 салмакта дүйнө чемпиону болгон россиялык-албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 кг салмакта дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон япониялык Юи Сусаки

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 2022-жылдын 10-18-сентябрда Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиону. Анда ал грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күчүн сынап, финалда венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыккан. Ал атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздап, Кыргызстандын тарыхында эркек балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу болду.

Ошол эле мелдешке катышкан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) да финалга чыгып, болгариялык Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде утуп алган.Ошентип Шаршенбеков 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга экинчи алтын медалды алып келген.

Буга чейин UWW уюмунун “Тарых жаратуучу” наамына 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова татыган. Кыргызстандык балбан кыз ал жылы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 62 кг салмакта дүйнө чемпиону болгон.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети