БИШКЕК, 21-декабрь. — Eurasia Today. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өтүп жаткан "Поддубныйдын күрөш лигасы" турниринин алкагында (PWL-3) россиялык Анвар Аллахьяровду утуп алды.
Мелдеш кечээ, 20-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.
Жоламан Шаршенбеков Анвар Аллахьяров менен килем үстүнө чыгып, кармашуу учурунда россиялык спортчу бутун кокустатып алды. Мындан улам жеңиш Жоламан Шаршенбековго ыйгарылды.
Кыргызстандык балбандын жаракат алган атаандашын килем үстүнөн көтөрүп алып кеткени залда отургандардын алкоосуна татыды.
Аталган мелдеште кыргызстандык балбандар Үзүр Жузупбеков менен Мээрим Жуманазарова дагы атаандаштарын жеңип алды. Үзүр Жузупбеков атаандагы Александр Головинди 3:3 эсеби менен утуп алса, Мээрим Жуманазарова Ксения Буракованы 6:2 эсебинде жеңди.
Эске салсак, дүйнө жана Азиянын чемпиону Жоламан Шаршенбеков буга чейин дагы 13-14-октябрда Москвада өткөн "Поддубныйдын күрөш лигасы" турниринин жеңүүчүсү болгон. Шаршенбеков анда да россиялык Анвар Аллахьяров менен күрөшүп, атаандашын 9:6 эсебинде жеңип алган.
Валюта курсу
Аба ырайы