Тарыхтабиринчижолу.2026-жылыфутболбоюнчадүйнөчемпионатыбирэлеучурдаүчөлкөдөөтөт
- Подробности
- Просмотров: 1792
БИШКЕК, 19-декабрь. — Eurasia Today. Кийинки футбол боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган командалардын санын 32ден 48ге чейин көбөйтүү күтүлүүдө, бирок акыркы чечим 2023-жылы кабыл алынат.
2026-жылдагы дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу бир эле учурда үч өлкөнүн аймагында өткөрүлөт: АКШ, Канада жана Мексикада. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы билдирди.
Буга чейин турнирди биргелешип өткөрүү тажрыйбасы бир гана жолу болгон – 2002-жылы Япония менен Түштүк Кореяда.
2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын оюндары 16 шаарда өтөт. Алардын 11и АКШны (Сиэтл, Сан-Франциско, Лос-Анджелес, Канзас-Сити, Даллас, Хьюстон, Атланта, Бостон, Нью-Йорк, Филадельфия, Майами), үчөө Мексиканын (Мексико, Гвадалахара, Монтеррей), экөө Канаданын ( Торонто жана Ванкувер) шаарларында өтөт.
Катышуучулардын саны 32ден 48ге чейин көбөйөрү күтүлүүдө. Топтук турнирдин акыркы форматы 2023-жылы белгилүү болот.
Тандоо турнири 2023-жылы башталат.
Белгилей кетсек, Катарда өткөн быйылкы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталып, 18-декабрда жыйынтыкталды.
Оюндар Катардын 5 шаарындагы 8 стадиондо өтүп, жалпы 32 өлкөнүн курама командалары беттешти.
2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Аргентина болду. Финалда аргентиналыктар Францияны пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде утуп алды.
Чемпионатта экинчи орунда Франция, үчүнчү орунду Хорватия алды.
Валюта курсу
Аба ырайы