БИШКЕК, 16-декабрь. — Eurasia Today. Бишкек шаарында, 14-15-декабрь күндөрү өткөрүлгөн футбол боюнча үчүнчү «Мурас» достук турнири жыйынтыкталды.
Беттештердин жыйынтыгы боюнча 1-орунду «Спорттук федерациялар» командасы алып, аларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.
«Президенттин командасы» командасы 2-орунду ээлеп, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду.
Ал эми 3-орунду алган «Коопсуздук» командасына 200 миң сомдук сертификат ыйгарылды, 4-орун үчүн «Достук» командасына 100 миң сом тапшырылды.
Ошондой эле, 3 номинация боюнча мыкты оюнчулар аныкталды:
— «Спорт жылдыздары» командасынын оюнчусу Абдужалил Юнусов турнирдин мыкты дарбазачысы деп табылды;
— турнирде 7 гол киргизген «Спорттук федерациялар» командасынын оюнчусу Аскарбек уулу Эрали мыкты чабуулчу аталды;
— турнирдин мыкты оюнчусу деп «Достук» командасынын өкүлү Эмилбек Абсаматов таанылды.
Садыр Жапаров өз сөзүндө турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, спортто жеңишти сатып алууга болбой турганын, күчтүүлөр жеңишке жетээрин белгиледи.
Ошондой эле, мамлекет башчысы коомчулуктун суроо-талабы менен келерки жылдын жазында өтө турган турнирге 20 жаштан 40 жашка чейинки оюнчуларды командаларга киргизүү тапшырмасын бергенин белгиледи. Буга чейин турнирдин жобосуна ылайык командаларга 40 жаштан жогорку оюнчулар гана киргизилген.
Валюта курсу
Аба ырайы