БИШКЕК, 14-декабрь. — Eurasia Today. WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол "Жылдын мушкери" сыйлыгын алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын сайтында жазылган.
Кыргызстанда төрөлгөн россиялык мушкерге сыйлыкты ассоциациянын президенти Хильберто Мендоса тапшырган.
Иш-чара Американын Орландо шаарында өткөн.
"Дүйнөлүк бокс ассоциациясынан "Жылдын мушкери" сыйлыгын биринчи жолу алдым, бул мен үчүн чоң сыймык", - деп жазган Бивол өзүнүн соцтармактагы баракчасына.
2022-жылы Бивол WBA Super титулун эки жолу ийгиликтүү коргогон. Май айында ал бардык салмактагы эң күчтүү мушкер Сауль "Канело" Альварести жеңип алган. Ноябрда ал калыстардын чечими менен супер орто салмактагы мурдагы чемпион Хилберто Рамирести жеңген. Бивол менен болгон беттешке чейин Рамирес 44 беттештин баарын жеңген болчу.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол Токмок шаарында төрөлүп, чоңойгон. Ал бокс менен алты жашынан машыга баштап, 15 жашында үй-бүлөсү менен Россияга көчүп кетишкен.
Үстүбүздөгү жылдын август айында Дмитрий Бивол Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен жолуккан.
Анын жүрүшүндө мушкер Кыргызстанда бокстун өнүгүшүнө болгон көз карашы менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаш спортчуларын даярдоого зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Валюта курсу
Аба ырайы