• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1878 Категория: Спорт - Published: 14/12 - 11:32

БИШКЕК, 14-декабрь. — Eurasia Today. Ош шаарында жайгашкан «Умму Мухаммад» медресеси алгачкы жолу түштүк жергесинде диний окуу жайлар жана мекемелер арасында волейбол менен кичи футболдон өткөрмө кубок уюштурду.

Мелдеш Ош шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин  залында өтүп, ага 8 диний окуу жай жана Ош шаардык казыят жамааты катышты. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Мелдешти «Умму Мухаммад» медресесинин мүдүрү Кутманбек ажы Орунбаев ачып, ыйык Куран окулуп, Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырды.

Саамалыкка катышкан  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Ысакбай Мурзабеков, Ош шаарынынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучу Мирланбек ажы Токтомушев катышуучуларга ийгилик каалашты.

Мелдештин жыйынтыгында:
Волейбол боюнча:
1 — орун Апиза-Эне ислам институту
2 — орун Абдурахман ибни Ауф медресеси
3 — орун Сулайман — Тоо медресеси

Футбол боюнча:
1 — орун Абдурахман ибни Ауф медресеси
2 — орун Апиза-Эне ислам институту
3 — орунду Абдыжапар ислам институту ээледи.
Мыкты оюнчуларга сыйлыктар берилип, спорттук иш-чараны жазда өткөрүп берүүнү Абдурахман ибни Ауф медресесине тапшырды.

  
Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети