БИШКЕК, 14-декабрь. — Eurasia Today. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча салттуу "Мурас" турнири башталды. Турнирге жалпы 16 команда катышууда.
Алар:
- Президенттин командасы
- Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”
- Белгилүү ишкерлер – “Бизнес”
- Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”
- Футбол ардагерлери – “Алга”
- Спорт федерацияларынын жетекчилери – "Спорттук федерациялар"
- Жогорку Кеңештин депутаттары – "Жогорку Кеңеш"
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери – "Аймактар"
- Дин өкүлдөрү – “Ыйман”
- Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”
- Ооруканалардын башкы дарыгерлери - "Ден соолук"
- Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору - “Билим”
- Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”
- Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери – "Коопсуздук"
- Белгилүү спортчулар – "Спорт жылдыздары"
- Кыргызстандын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.
Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча он алты команда төрт топко бөлүндү:
А тайпасы: “Президенттин командасы”, “Фемида”, “Журналисттер”, “Спорт федерациялары”
В тайпасы: "Жогорку Кеңеш", "Коопсуздук", "Достук", "Бизнес"
С тайпасы: “Алга”, “Элчилер”, “Спорт жылдыздары”, “Билим”
D тайпасы: “Ыйман”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Ден Соолук”
Ар бир тайпадан жеңүүчүлөр жана өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар жарым финалга чыгышат.
Тайпалардагы оюндар эки жерде өтөт:
- “А” жана “В” тайпасындагы командалар “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплексинде ойношот (түз эфир УТРК Спортто);
- “С” жана “D” тайпасындагы командалар Кожомкул атындагы спорт ордосунда ойношот (түз эфир ЭлТРде).
Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү. Турнир жылына эки жолу кышында жана жазында өтөт.
Валюта курсу
Аба ырайы