• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1788 Категория: Спорт - Published: 14/12 - 10:54

БИШКЕК, 14-декабрь. — Eurasia Today. Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда дүйнөнүн эң мыкты оюнчуларынын бири Лионель Месси ойногон Аргентина курама командасы Хорватияны утуп, финалга чыкты.

Дубльдун автору эки гол киргизген Хулиан Альварес болду. Ал эми пенальтини ишке ашырып, эсепти ачкан жана Альвареске кооз пас берген Лионель Месси жолугушуунун эң мыкты оюнчусу аталды.

Аргентина – Хорватия оюну 3:0 эсебинде аяктап, Мессинин командасы ишеничтүү түрдө финалга алгачкы болуп жолдомо алган команда болуп калды.

Белгилей кетсек, Лионель Месси Аргентинанын көзгө басар оюнчусу, Дүйнө чемпионатында 25 оюн өткөргөн.

Алдыда Марокко менен учурдагы чемпиондор Франция ойномокчу. Экөөнүн утканы финалда Аргентина менен ойносо, утулганы үчүнчү орун үчүн Хорватия менен беттешет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети