Мындан бир нече ай мурда Кыргызстанда эч ким укпаган «ЧВК Рёдан» жаштар кыймылынын Бишкекте пайда болушу кызуу талкууларды жаратууда.
Ушул убакка чейин белгисиз субмаданияттын ишмердүүлүгү биринчи жолу 2023-жылдын 19-февралында Москвадагы Aviapark соода борборунда өспүрүмдөр арасында болгон мушташтан кийин белгилүү болгон.
Акыркы айларда Москвада мындай мушташтар негизинен соода борборлорунда болуп, бул окуялардын негизги «каармандары» «ЧВК Рёдан» кыймылынын өкүлдөрү болушкан. Бир нече күндөн кийин «ЧВК Рёдан» Россиянын башка шаарларында – Санкт-Петербургдан Новосибирске, ал тургай Түндүк Осетияга чейин жеткен. Мындан тышкары, кыймылдын мүчөлөрү Украина жана Беларуста дагы пайда болду.
Жакында эле Бишкек мэриясы өспүрүмдөр арасында жаңжал жараткан “ЧВК Рёдан” кыймылы тууралуу маалымат тарап жаткандыгына байланыштуу ата-энелерди балдарына мектептен тышкаркы убакта көз салууга чакырган.
Шаардык муниципалитет зарыл болгон учурда тиешелүү мобилдик тиркемелерди орнотуу аркылуу ата-энелик көзөмөлдү уюштурууну сунуштаган.
Мэрия тараткан билдирүүдөн бир жума өтүп-өтпөй Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев бүгүн, 31-мартта түз эфирде Бишкекте 6-7 жашы жете элек өспүрүм эки жашы жете элек баланы сабап салышканын, бул Россияда популярдуу болуп жактан “ЧВК Рёдан” кыймылы менен байланыштуу экенин билдирди.
Анын айтымында, мындай бир учур Свердлов районунун аймагында катталды. Ногойбаев ата-энелер жана социалдык мугалимдер менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатканын, кийинки жолу мындай көрүнүштөргө жол берилберин билдирди.
Бишкектин көчөлөрүндө бул кыймылдын символу түшүрүлгөн кийимдерди кийген өспүрүмдөр көбөйгөнү да байкалууда. Соцтармактардын колдонуучулары борбор калаанын борборунда 12 буттуу жөргөмүш жана «4» саны жазылган футболка кийип жүргөн жаш баланын видеосун жарыялашкан.
“ЧВК Рёдан” деген кимдер жана эмнени түшүндүрөт?
“ЧВК Рёдан” 14-16 жаштагы аниме сүйүүчү өспүрүмдөрдүн онлайн коомчулугу. Өздөрүн “рёданчылар” деп эсептеген өспүрүмдөр 12 буттуу жөргөмүштүн сүрөтү түшүрүлгөн же “4” саны жазылган кенен футболка жана чакмактуу шым кийип жүрүшөт.
Алардын айрымдарынын татуировкасы бар жана көбү чачын өстүрүп жүрүшөт.
Алар Япониянын “Hunter x Hunter” анимесинин фанаттары. Мындай кийимди анимедеги башкы Хисока аттуу эң күчтүү согушкерлердин бири кийет.