АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга мамлекеттик сапар менен барды. Бул — америкалык лидердин Пекинге 2017-жылдан берки алгачкы сапары.
Трамптын кытайга сапары март айында өтмөк, бирок АКШ менен Израилдин Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан кийин кийинки мөөнөткө жылдырылган.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Трамп менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цинпинь Пекинде сүйлөшүүлөрдү башташты.
Сүйлөшүүлөрдүн алдында Трамп Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтындагы Элдик жыйындар залында салтанаттуу тосуп алынды.
Сүйлөшүүлөр башталгандан кийин Трамп Си Цзиньпинди “улуу лидер жана дос” деп атады.
“Сиздин досуңуз болуу мен үчүн чоң сыймык. Кытай менен АКШнын мамилеси мурдагыдан да жакшы болот”, — деди Трамп.
Сүйлөшүүлөдүн жүрүшүндө “морт соода жарашуусу”, Ирандагы согуш жана АКШнын Тайванга курал сатуу маселеси талкууланары айтылууда.
АКШ президенти Пекинге учардын алдында сапардан жакшы натыйжаларды күтөрүн билдирген. Ал сапар учурунда Кытай лидери менен Ирандын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле Американын Тайванга курал-жарак сатуусун жана энергетика маселелерин талкуулоону пландап жатканын белгилеген.
Ошол эле учурда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги лидерлер эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле глобалдык тынчтык жана өнүгүү маселелерин талкуулай турганын белгилеген.
Вашингтондогу Кытай элчилиги АКШ мамилелерди сактоо үчүн кесип өтпөшү керек болгон төрт “кызыл сызыкты” атаган. Аларга Тайвань маселеси, демократия жана адам укуктары, өнүгүү жолдору жана саясий системалар, ошондой эле Кытайдын өнүгүүгө болгон укугу кирет.
Reuters буга чейин АКШ менен Кытай ушул жумада “өзгөчө мааниге ээ эмес товарлардын” соодасын жөнгө салуучу механизм боюнча макулдашууга келиши мүмкүн экенин жазган. Анда эки тарап тең улуттук коопсуздуктун “кызыл сызыктарын” бузбастан, болжол менен 30 миллиард долларлык товарларга тарифтерди төмөндөтүп, өз ара соода жүргүзө алышы мүмкүн.
Трамп Пекинге мамлекеттик сапар менен 13-майда барды. Аэропорттон аны кызыл килем, ардактуу кароол жана салтанаттуу азем менен тосуп алышты.
Өткөн жылы АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода көлөмү 414,7 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2022-жылдагы 690,4 миллиард долларга салыштырмалуу кыйла төмөн.
Трамп ошондой эле АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода таңкыстыгын азайтууну көздөйт. 2025-жылы АКШ Кытайга экспорттогон товарларга караганда ал жактан дээрлик 200 миллиард долларга көп товар импорттогон.
Трамп менен кошо кимдер келди

АКШ президентинин делегациясынын курамында Мамлекеттик катчы Марко Рубио, Коргоо министри Пит Хегсет, Каржы министри Скотт Бессент жана АКШнын соода өкүлү Жеймисон Грир бар.
Ошондой эле Трамптын уулу Эрик Трамп жана бир катар ири технологиялык компаниялардын жетекчилери бар. Алардын арасында чип өндүрүүчү NVIDIA компаниясынын башчысы Женсен Хуанг, Tesla
жана SpaceX компанияларынын ээси жана башкы директору Илон Маск, Apple компаниясынын жетекчиси Тим Кук жана АКШдагы эң ири инвестициялык компаниялардын бири болгон BlackRock
компаниясынын башчысы Ларри Финк бар.
Трампты ошондой эле АКШнын башка ири компанияларынын өкүлдөрү коштоп жүрөт. Алардын катарында Meta, Visa, JPMorgan Chase, Boeing жана Cargill компанияларынын менеджерлери да бар.















