Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Соода, өнөр жай жана энергетика: Рустам Эмомали Иранда эмнелерди макулдашты?

  • Батыш Азия, Саясат, Тажикстан
  • 10.01.2024 11:13

Loading

Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали 8-январда Иранда расмий сапары менен болду.

Аны өкмөттүк комитеттердин төрагалары жана башка расмий адамдар коштоп барышканын парламенттин маалымат кызматы кабарлаган.

Сапардын алкагында Рустам Эмомали Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Иран Ислам кеңешинин төрагасы Мухаммад Бакир Галибаф менен жолугушууларды өткөрдү.

Тема боюнча

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026

Өлкөлөр ортосунда соода жүгүртүү көбөйтүлөт

Республиканын парламентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Рустам Эмомали менен Галибафтын  жолугушуусунда Тажикстан менен Ирандын ортосундагы мамилелердин жана кызматташтыктын маанилүү жана приоритеттүү маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүү ниетин баса белгилешти.

Мындан тышкары, республикалардын делегациялары өнөр жай, энергетика, транспорт жана туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун соңунда Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Иран Ислам кеңешинин башчысын Душанбеге өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды. Иран тарап бул чакырууну чоң канааттануу менен кабыл алганын, парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ирандын президенти менен жолугушуу

Андан соң Рустам Эмомали Иран президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Раиси Тажикстан менен Ирандын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин деңгээлинин өнүгүшүн канааттануу менен белгилеп, туруктуу жолугушуулар жана жогорку деңгээлдеги байланыштар бул процессти натыйжалуу илгерилетүүдө чоң роль ойной тургандыгын баса белгилегенин IRNA агенттиги жазды.

Ошондой эле Раиси “терроризм, уюшкан кылмыштуулук жана баңги заттарына” каршы күрөш Иран-Тажикистан кызматташтыгынын талаптарынын бири экенин белгилеп, Ооганстандын кошунасы катары эки өлкөнүн орток көйгөйлөрүнө токтолуп, ал аймактагы бардык өлкөлөр террордук топторго, анын ичинде “ИМ” террордук уюмуна каршы активдүү күрөшүүсү зарыл экенин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө соода-экономикалык, техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тажикстан менен Иран Инновациялар жана технологиялар борборун түзүшөт 

Рустам Эмомали сапардын алкагында Технологиялык инновациялар үйүндө болгонун анын басма сөз кызматы билдирди. Ал жерде Ирандын тамак-аш, айыл чарба, фармацевтика өнөр жайынын, медициналык жабдуулардын, малдын жана канаттуулардын тоюттарынын, дары-дармек өсүмдүктөрүнүн түрдүү тармактарындагы акыркы илимий жана нанотехнологиялык жетишкендиктери көрсөтүлөт.

Рустам Эмомали Инновациялар жана технологиялар борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Анын максаты – Тажикстан менен Ирандын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты, ошондой эле технология жана экономика тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

Меморандумга Иран тараптан Илим, технология жана жогорку илимий тармактар ​​боюнча вице-президент Рухулло Дехкония Фирузободи кол койду. 

Белгилей кетсек, Ирандын Технологиялык инновациялар үйү илимий продукцияны экспорттоону кеңейтүү жана биргелешкен илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында чет өлкөлүк мамлекеттик жана илимий мекемелер менен кызматташат.

Белгилей кетсек, тажик-иран мамилелеринин жакындашуусу 2021-жылдын сентябрында ШКУнун саммитине катышуу үчүн Ирандын президенти Ибрагим Раиси Душанбеге келгенден кийин байкала баштаган. 2022-жылдын май айында Эмомали Рахмон Тегеранга жооп иретинде сапары менен барган. Бул сапар Иран Тажикстанда “Абабил-2” учкучсуз учактарды чыгаруучу завод ачылганын расмий жарыялагандан бир жума өткөндөн кийин болгон.

2023-жылдын июль айында Иран ШКУга толук кандуу мүчө болгон. Бул Душанбе позициясын өзгөртүп, Тегерандын бул уюмга киришине каршы болбой калгандан кийин мүмкүн болгон.

Тажикстандын президентине караштуу статистикалык агенттиктин маалыматы боюнча, 2023-жылдын тогуз айында республиканын Иран менен соода жүгүртүүсү 175 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,4%га өскөн.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Ибрахим РаисииранкызматташтыкРустам ЭмомалиТажикстан
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

19.11.2026
Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.