376 Категория: Туризм - Published: 06/04 - 10:09

БИШКЕК, 6-апрель. — Eurasia Today. Кыргызстан орусиялыктар саякат кылуу үчүн тандаган алдынкы өлкөлөрдүн катарына кирди.

OneTwoTrip саякаттарды пландаштыруу кызматынын талдоочулары май майрамдарына карата эң популярдуу ички жана тышкы аба каттамдардын тизмесин жарыялды.

Маалыматка караганда, май айындагы майрамдарда орусиялыктар бара турган эң популярдуу чет өлкө Түркия болгон. Сурамжылоого катышкандардын 23 пайызы турситтик тармагы жакшы өнүккөн бул өлкөгө барууну каалашарын билдиришкен.

Популярдуулугу боюнча андан кийин Өзбекстан (9 пайыз), Азербайжан (5 пайыз), ошондой эле Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмираттары (4 пайыздан) турат.

Теги: