• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
210 Категория: Туризм - Published: 01/03 - 16:47

БИШКЕК, 1-март. — Eurasia Today. Бул каражат шаардагы бир нече долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

Ал үчүн шаарда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун Байкоочу кеңешинин отуруму өтүп, ишке ашырыла турган долбоорлор макулдашылды. Сунушталган долбоорлор Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү агенттиги аркылуу ишке ашырылат.

Дүйнөлүк банк убадалаган 6 млн доллар көптөн бери күтүлүп жаткан. Эми ал бөлүнгөнү маалым болуп, ал акчаны Ош шаарындагы 5 обектини оңдоп-түзөөгө жумшай турган болушууда. Аталган банктын Ош шаарындагы жана облусундагы "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун Байкоочу кеңешинин отуруму өтүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берилген. Калаанын вице мэри Марс Исаев бул акчага жасала турган иштерди санап берди:

•  Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасындагы муниципалдык жерлерге туристтик–архитектуралык инсталляцияларды куруу;
•  Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;
•  Алишер Навои атындагы парктын бир бөлүгүнө эс алуучу аймак куруу;
•  Ош шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоо;
•  Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн долбоорлоо жана куруу.

Экинчи долбоор катары Ош шаарындагы борбордук аянтты киргизишүүдө. Тагыраак айтканда, ал жерге туристтер келсе, жакшылап эс ала тургандай, шаарды жакшылап көрүп,  тааныша тургандай көрүнүшкө айландырууну пландашууда. Шаарга жаңыдан мэр болуп келгенде азыркы калаа башчы Алмаз Мамбетов борбордук аянтка фонтан куруу демилгесин көтөрүп чыккан. Бирок ал коомчулукта катуу сынга кабылган. Бирок баары бир ушул демилгени ишке ашырууну көздөп жатат.

Долбоорлор Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү агенттиги, тактап айтканда АРИС аркылуу ишке ашырылат.

Жалпылап айтканда, бул иштер калаанын туристтик потенциалын жогорулатуу үчүн аткарылып жатат.

Буга чейин “Ош – Улуу жибек жолунун борбору” аталышындагы туристтик атайын программа кабыл алынган. 2022-жылдан баштап, пандемия азаят дагы туристтик потенциал кайрадан өз калыбына келе турганы болжолдонуп жаткан. Ошондуктан, быйыл Улуу жибек жолуна кирген 80ден ашык мамлекеттин тиешелүү өкүлдөрүнүн жана тур операторлорунун саммитин өткөрүп, Жибек жолунун дүйнөлүк деклорациясын кабыл алуу пландалган.

Ошентип Ош шаарында туризмди өнүктүрүүгө амбициялуу кадам ташталды. Бирок Кыргызстанда дүйнөлүк коронавирус пандемиясынын айынан туризм тармагы көп жоготууга учурады. Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин маалыматы боюнча, бул тармактагы жоготуулар буга чейин 80% жеткен. Бул сектордун 15%га жакыны өз ишмердүүлүгүн токтоткон.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети