145 Категория: Туризм - Published: 17/12 - 14:20

БИШКЕК, 17-декабрь. — Eurasia Today. Бүгүн, 17-декабрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан Ош шаарынын брендин презентациялады.

Бул тууралуу калаанын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен чыгат. Борбор Азиядагы шаарлардын арасында эң алгачкы жолу Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин туристтик логотип үчүн конкурс жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн. Атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан орусиялык Михаил Чулиндин логотиби жактырылды. Брендде Улуу Жибек жолун чагылдырган кербен, Оштун символу болгон Сулайман-Тоо, жарым ай жана жылдыз камтылган. Жеңүүчү болгон дизайнерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Алмаз Мамбетов мэрлик кызматка келгенден тартып Ош шаарын туристтик шаарга айлантуу максатын койгонун айткан. “Бүгүнкү иш-чара аркылуу буга алгачкы кадам ташталды”,-деди ал. Ошондой эле мэр, негизги багыттарына ылайык туризм тармагын өнүктүрүү багытында аракеттер көрүлө турганын билдирди.

Иш-чарада улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп, туризм тармагынын өкүлдөрүнүн жакындан баарлашуусу менен коштолду. Ошондой эле бир катар мекемелерге, адистерге туризм тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

     
Теги: