454 Категория: Туризм - Published: 26/10 - 11:06

БИШКЕК, 26-октябрь. — Eurasia Today.  Мексикалык блогер Луизито Комуниканын 22-октябрь күнү YouTube  каналына жүктөлгөн Кыргызстан жөнүндө тарткан видеосун 3 күндүн ичинде 3 миллионго чукул киши көргөн.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Луизито Комуника кыскача репортажын Кыргызстанга келип тарткан. Анда ал Кыргызстандын валютасы, желеги, эли, дини жөнүндө айтып, кыргыз элин башкалар менен салыштырып да көрсөткөн. Ошондой эле, кыргыздын улуттук оюндары, тарыхый эстеликтер, ресторандар туурасында да тарткан. Ал 15 мүнөттүк видеодо ушулардын баарын айтып берүүгө жетишкен.

Маалыматка караганда, көрөрмандар Кыргызстанды “кызыктуу жана кооз өлкө экен” деп пикирлерин калтырып жатышат.

Блогер Instagram баракчасына калпак кийип түшкөн сүрөттөрүн да жарыялаган.

Теги: