54 Категория: Туризм - Published: 11/08 - 12:02

БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. 2022-жылдын февраль айында Австриянын делегациясы сүйлөшүүлөр үчүн иш сапары менен Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу 10-августта, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов менен Австриянын элчиси Вилли Кемпелдин жолугушуусунан кийин белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жана коргоо маселелерин талкуулашты. Министр инвестициялык саясаттын негизги багыттарын жарыялады жана жашыл экономика, кичи ГЭСтердин курулушу, туризм сыяктуу тармактарга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Элчи кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагына инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Теги: