• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
149 Категория: Туризм - Published: 03/08 - 13:01

БИШКЕК, 3-август. — Eurasia Today. Ош шаарында жаңы ачылган маалымат борборунан туристтер өз өлкөсүндө туруп эле каалаган маалыматтарды ала алышат.

Мында туристтер менен альпинисттерге үч тилде кызмат көрсөтүлөт. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынан орун алган маалымат борбор 24 саат бою иштейт.

Пандемиялык кырдаалга чейин Кыргызстанга 6 млн.го жакын турист келген. Алардын үчтөн бир бөлүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү жаратылышы кооз аймактар кызыктырат. Мисалы, Сары-Челек, Арсатанбап, Кара-Шоро, Ленин чокусу сыяктуу жайларда айрыкча жайкы мезгилде туристтердин саны көбөйөт.

Азыр Ош облусунун 7 районунда тең эс алуу жайлары бар. Алар: Кара-Шоро, Кара-Кой, Чил-Үстүн, Ленин чокусу туристтерди өзүнө тартып турат. Тилекке карашы мындай кооз жайларга алып баруучу жолдордун тамтыгы чыгып, коноктордун эс алуусу үчүн талаптагыдай шарттар түзүлгөн эмес.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.45
0.00
EUR
88.96
0.00
KZT
0.18
0.00
RUB
1.37
0.00
TJS
8.27
+0.02
TMT
24.13
+0.01
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-13°C Москва
-24°C Астана
-4°C Бишкек
-6°C Алматы
+2°C Дүйшөмбү
+2°C Ашхабад
-2°C Ташкент

Соцсети