"BARNES International" компаниясы жылдык отчетунда дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында эң популярдуу болгон шаарлардын тизмесин жарыялады.
Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Daily Mail” басылмасына шилтеме берип кабарлады. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча бай адамдардын арасында эң популярдуу шаарлар - Цюрих, Копенгаген жана Токио болгон. Компаниянын эксперттери бул рейтингди түзүүдө жакшы билим алуу мүмкүнчүлүгүнө, салыктын деңгээлине, экологиялык жана коопсуздук кырдаалына, бизнести өнүктүрүү деңгээлине жана маданий тажрыйбага баа беришкен.
Ошондой эле рейтингдин алдыңкы ондугуна Майами, Стокгольм, Лондон, Париж, Женева, Амстердам жана Сидней дагы кирди. 2019-жылы Париж жана Нью-Йорк байлардын сүйүктүү шаарлары болгон, бирок кийинчерээк коронавирус пандемиясына байланыштуу көпчүлүгү бул шаарларды таштап кетишкен.
Мындан тышкары, рейтингде топ-20нын катарына Нью-Йорк, Вена (Франция), Сеул, Лос-Анджелес, Торонто, Мадрид, Монреаль, Осло жана Монако кирди. Москва 2019-жылы 48-орунда болсо, 2020-жылы 49-орунду ээледи.
Валюта курсу
Аба ырайы