• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
58 Категория: Религия - Published: 12/09 - 11:38

БИШКЕК, 12-сентябрь. — Eurasia Today. Өлкөбүздүн түштүк аймагында социалдык тармактар аркылуу тыюу салынган диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын материалдарын жайылтуу фактысы аныкталды.

Соңку сааттарда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Фейсбук» социалдык тармагында Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды.

Атайын теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги ашкереленди.

Буга дейре ушул жылдын 7-сентябрында «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун Ноокат районундагы 6 активдүү мүчөсүнүн, Кара-Суу районундагы 1 активдүү мүчөсүнүн жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 1 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү жараянынын жүрүшүндө электрондук алып жүрүүчүлөр (флешкарталар, СD-дисктер), диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети