53 Категория: Религия - Published: 20/03 - 11:35

Түркияда коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында 20-марттан бештап бардык мечиттер жабылды.

Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги кабарлады. Азыркы тапта дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу бир катар ислам өлкөлөрү, анын ичинде Алжир, Тунис, Сауд Аравия, Иордания, Кувейт жана БАЭде мечиттерди убактылуу жаап, мечиттерде намаз окууну токтотуу чечимин кабыл алышты.

Түркиянын дин иштер башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш мечиттерде жамааттык жана жума намаз окуу кийинки билдирүүгө чейин токтотулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, түрк бийлиги 90 миңдей мечитте дезинфекцилоо иштерин жүргүздү. Түркияда вирус жуктургандардын саны 190дон ашып, 3 киши көз жумду. Мындан тышкары, Иордания жана БАЭ да кийинки билдирүүгө чейин мечиттерде намаз окууну токтотту.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо министрлигинин акыркы статистикасына караганда, дүйнөнүн 166 өлкөсүндө коронавируска чалдыккандардын саны 207 минден ашып, 8600дөн ашууну көз жумду.

Теги: