• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
×

Ошибка

Unable to connect to NBKR server.
71 Категория: Религия - Published: 25/04 - 11:50

БИШКЕК, 25-апрель. — Eurasia Today. Ажылыкка деген каражатына көпүрө куруп берген үлгүлүү апа.

Баткен облусунун Кадамжай районунда жашаган Нурхан аттуу апа ажылыкка деп чогулткан акчасына эки айылды бириктирген көпүрө куруп берди. Бул тууралуу социалдык тармак аркылуу журналист Азамат Абсаттаров билдирди.

"Кечээ, 24-апрелде Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында көпүрөнүн ачылышы болуп, эл Нурхан энеге батасын бериптир. Нурхан эне ажыга баруу үчүн каражат топтоп, топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө куруп берди. “Жолдошум 43 жашында каза болуп калган. Ага түбөлүк сооп жетип турсун деп өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам өзүм үчүн гана барат экенмин. Мен көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагым келди”,-дейт Нурхан эне.

Үлгүлүү, сооптуу иш деп ушуну айтат. Ажыга баргандын сообун алган болсун!",- деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай, коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген эки жылдык чектөөдөн кийин Сауд Аравиянын бийлиги быйыл ажылык зыяратына уруксат берди. Бирок кымбатчылыкка байланыштуу бул ирет ажылыктын баасы 4500 АКШ долларынын тегерегинде болууда. Ал эми кыргызстандыктарга жалпысынан 2766 орун бөлүнгөн.

 
Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
84.21
+0.07
KZT
0.17
+1.04
RUB
1.45
-1.04
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+28°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+34°C Ашхабад
+33°C Ташкент

Соцсети