• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1241 Категория: Религия - Published: 16/04 - 10:13

БИШКЕК, 16-апрель. — Eurasia Today. Саудиялык астроном Халед аз-Закактын айтымында, мусулмандар 2030-жылы эки жолу ыйык Рамазан айын белгилешет.

Себеби Ислам хижрий жыл санагы ай циклдерине негизделсе, григориан календары Жердин Күндү айланып чыгуусу менен эсептелет. Григориан календары боюнча бир жылда 365 күн, ал эми мусулмандардын жыл санагында 354 күн бар.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Астрономдун айтымында, 2030-жылы григориан календары боюнча Рамазан 2 ирет кирет. Бул кубулуш ар 30 жылда бир кайталанып турат. Акыркы жолу 1997-жылы, ага чейин 1965-жылы болгон. Ошондой эле, 2063-жылы кайталанары күтүлөт.

Эки жыл санактын айырмачылыктарына ылайык, Рамазан айы жыл сайын 10-11 күнгө алдыга жылат. Хижрий боюнча 1451-жылдагы Рамазан айы григориан календары боюнча 2030-жылдын 5-январында башталат, ал эми 1452-жылдагы 2030-жылдын 26-декабрына туура келет. Ошентип, 2030-жылы 5-январда 1-Рамазан кирип, ал эми ошол эле жылдын 26-декабрында экинчи орозо кармалып баштайт.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
84.21
+0.07
KZT
0.17
+1.04
RUB
1.45
-1.04
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+28°C Алматы
+24°C Дүйшөмбү
+31°C Ашхабад
+27°C Ташкент

Соцсети